• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй милициясынын кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча иштерди улантууда

Аймак 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Чүй милициясынын кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча иштерди улантууда.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын аткарып, жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу максатында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен бир катар алдын алуу иштерин улантышууда.

"Бүгүнкү күнү көчөдө милиция кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар тарабынан түзүлгөн жөө кайгуулдар жарандар арасында түшүндүрүү иштерин улантышып, коомдук жайларда жүргөндө беткап тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуу зарылдыгын жеткиришүүдө. Андан сырткары, милиция кызматкерлери дарыгерлер, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жумуштарды алып барышууда. Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына дарыгерлер тарабынан жугуштуу оорудан коргонуунун эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өздөрүнүн коопсуздуктары үчүн күн сайын нускамалар өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий