• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облмилициясы менен Жазаларды аткаруу кызматы биргелешкен планга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Чүй облусунун милициясы менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кызматташуу боюнча биргелешкен планга кол коюшту.

Эки тараптын өкүлдөрү бүгүн жолугушуу өткөрүп, Чүй облусунда жайгашкан түзөтүү мекемелери менен кызматташуу, ыкчам маалыматтар менен бөлүшүү, эркиндикке чыккан жарандарды көзөмөлгө алуу боюнча кызматташуу маселелери талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий