• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облустук ИИББнин башчысы милдетин убактылуу Сапарбек Асаналиев аткарат

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Чүй облустук ИИББнин башчысы милдетин убактылуу Сапарбек Асаналиев аткарат, - деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы.

Мурда Асаналиев КР ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси кызматын аркалаган.

Эске сала кетсек, Самат Курманкулов Кой-Таш айылында мурунку президент А.Атамбаевдин үйүндө жүргүзүлгөн атайын операция учурунда болгон ызы-чуудан кийин №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Курманкулов ооруканага жабык баш мээ жаракаты, баш мээнин чайкалышы деген диагноз менен келип түшкөн. С. Курманкуловго эки ирет операция жасалгандан соң, Москвага алып кетишти.

Самат Курманкулов толугу менен сакайын кеткиче Чүй облустук ИИББнин башчысы милдетин убактылуу Сапарбек Асаналиев аткарат.

Пикир

Оставить комментарий