• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүй облустук казыяты аймактагы мечиттерди текшере баштады

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Чүй облустук казыяты аймактагы мечиттерди текшере баштады, - деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев Чүй облустук мусулмандар казыятынын мечиттердин абалын текшерип, кышка карата даярдыктарды көрүү боюнча чыгарган буйругунун негизинде аймактагы мечиттерди текшере баштады.

"Учурда Жайыл райондук хатибиятына караштуу Ак-башат айыл өкмөтүндөгү «Ак-башат» жана Айдарбек айылындагы «Умар бин Ясир», «Фирдаус», «Айдарбек» мечиттеринде текшерүү иштери жүргүзүлүп, баш имам хатиб мечиттердин тазалыгын, кыш мезгилине болгон даярдык, имамдардын кириш-чыгыш иш кагаздарын, бухгалтериялык журналдарын кылдат текшерди. Ошондой эле баш имам хатиб докуметтери бүтө элек мечиттердин документтерин тездетүү тапшырмасын берип, имамдарды так, туура иштөөгө жана эл ичиндеги ынтымакты бекемдөөгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.

«Бул иш-чара жакынкы күндөрү бардык райондордо толугу менен жүргүзүлүп, кандайдыр бир көйгөйлүү маселелер болсо Чүй облустук казыятынын кызматкерлери ошол замат жеринде чечишмекчи»,-деди облус казысы Руслан ажы Жумагулов.

Пикир

Оставить комментарий