• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облустук милициянын башчысы Курманкулов өз алдынча дем ала баштады

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, россиялык дарыгерлердин айтымында Курманкуловдо жакшы жылыштар байкалууда.

“Өз алдынча дем алуусу калыбына келүүдө. Ал тиешелүү түрдө дарыланып жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Курманкулов 7-август күнү Кой-Ташта болгон окуя маалында башынан жаракат алган.

Ал ооруканага жеткирилип, Курманкуловго жабык баш мээ жаракаты, баш мээнин чайкалышы деген диагноз коюлган. Бишкекте ага эки операция жасалган. Дарыгерлердин чечими менен аны Москвага дарыланууга жөнөтүү чечими кабыл алынып, 12-август күну Курманкуловду Москвадагы Н.Н. Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий