• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облустук милициянын башчысы Самат Курманкулов өз алдынча басып баштады

Коом 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов өз алдынча басып баштады, - деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ал атайын үн коштоочу аппараттын жардамы менен сүйлөй баштаган.

Эскерте кетсек, 7-августта кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын "Альфа" атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза болуп, 40 ашуун адам жараат алган.

Пикир

Оставить комментарий