• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облустук милициясы 2022-жылдын I кварталындагы ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Кечээ, 19-апрелде Чүй облусунун ички иштер органдарынын 2022-жылдын 3 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган отурум болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын, Чүй облустук ИИББнын борбордук аппаратынын кызматтарынын жетекчилери, ошондой эле шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Алгач Чүй ОИИБдин башчысынын орун басары Мирланбек Насиров Чүй облусунун ички иштер органдарынын жетишкендиктери жана кемчиликтери боюнча баяндама жасады. Андан соң коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралар тууралуу сөз болуп, кызматтардын жетекчилеринин отчеттору угулду.

Жыйында Чүй облусунун ички иштер органдарынын 2022-жылдын 3 айындагы оперативдик иш-чаралары жана Чүй облусунун аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле олуттуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маселелер каралды.

Кеңешменин соңунда Чүй ОИИБдин башчысы Сапарбек Асаналиев Чүй облусунун ички иштер органдарынын жетекчилерине төмөнкүдөй милдеттерди жүктөдү:

- Чүй облусунун аймагында орун алган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачуу боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү;

-жетекчилердин эл менен жолугушууларынын алкагында жергиликтүү тургундардын көтөрүлгөн социалдык жана башка маселелерин көзөмөлгө алуу;

-райондун аймагында башка бирөөлөрдүн мүлкүн уурдоонун алдын алуу боюнча рейддик жана башка иш-чараларды дайым жүргүзүп туруу;

- мыйзамдарды жана кызматтык тартипти сактоо боюнча өздүк курам менен үзгүлтүксүз негизде сабактарды өткөрүү.

Пикир

Оставить комментарий