• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облустук милициясы коронавирус илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Чүй облусунун милициясы коронавирус илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө жана Кыргызстандын аймагында коронавирус илдетинин пайда болушуна байланыштуу Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан аталган илдеттин мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн бир катар алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга бир четинен айрым кызмат көрсөткөн чөйрөлөргө уруксат берилгенине байланыштуу Чүй облусунун аймагында аталган илдетти жугузуп алгандар көбөйүүдө. Кээ бир жоопкерчиликсиз жарандар тарабынан медицина кызматкерлеринин бардык сунуштарын тоготпостон кайдыгер мамиле кылууда. Буга байланыштуу Чүй облусунун ички иштер органдары жарандардын арасында коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо жана алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө.

Ошондой эле Чүй облустук милициясынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери рейддерди тынымсыз жүргүзүп, бул илдеттин жашы жете электер арасында жайылып кетишин алдын алууга багытталган иш-чараларды улантууда. Чүй облусунун ички иштер органдарынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери өткөн жуманын аягында жайкы каникулда иштеп жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча рейд өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгы менен ар кандай жерлерде иштешкен бир нече өспүрүм табылган.

Пикир

Оставить комментарий