• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй милициясы Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын азгырыгына алдырбоого чакырат

Коом 0


Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Чүй облустук милициясы Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын азгырыктарына алдырбоого чакырат.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын көпчүлүгү өз катарларына адамдарды тартуу жолдорун интернет аркылуу жана башка жолдор менен ишке ашырары анык. Алгач таанышуу, кийин баарлашуу аркылуу өздөрүнүн ишенимине киргизип алышары белгилүү.

“Көбүнчө алар өз катарларына, адамдар менен аз байланышта болгон жана оор кырдаалдагы адамдарды тартып алууга жөндөмдүү.

Андыктан интернет түйүндөрү аркылуу же башка жайларда бейтааныш адамдар менен таанышып, пикир алышууда, алар жөнүндө кенен маалыматтарды алууга аракет кылыңыз. Бейтааныш адамдар тарабынан жумуш түрлөрүн сунуштаса алардын мыйзамдуулугун билүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан кеңеш алуу маанилүү", - деп айтылат маалыматта.

Чүй облустук милициясы эгерде кандайдыр-бир шектүү адамдар түрдүү азгырыктарга чыкырганы байкалса же тыюу салынган уюмдар менен мамиледе болгон жарандар тууралуу маалыматтар болсо тез арада ички иштер органдарына кабарлоо зарыл экендигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий