• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облустук милициясы окуу жылынын аяктоо күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт

Коом 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Окуу жылынын аякташына байланыштуу Чүй облусунун аймагында 19-майдан 26-майга чейин алдын алуу рейд иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чараларды уюштурууга Чүй облусунун ички иштер органдарынан 420 кызматкер тартылган.

Алдын алуу иш-чараларды уюштуруунун максаты мектеп окуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана тартип бузууларды алдын алууга багытталган.

Үстүбуздөгү жылы “Акыркы коңгуроо” салтанатын билим берүү мекемелеринде белгилөөгө тыюу салынган.

“Андыктан Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери өспүрүмдөрдүн жана башка жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында алдын алуу рейд иш-чараларын өткөрүшүүдө. Милиция кызматкерлери тарабынан эс алуучу жайларга же эс алуучулар чыгууга мүмкүн болгон жерлерге жоопкерчиликтүү кызматкерлер дайындалган. Кафе, ресторандарды, парктарды жана эс алуучу жайларды кыдырып, алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн милиция кызматкерлери тарабынан мобилдик топтор түзүлгөн. Кымбат баалуу автоунааларды арендага берген жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.

“Акыркы коңгуроо” күнү ар түрдүү тартип бузууларды болтурбоо максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан биргеликте ата-энелер чогулуштары уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Коомдукт тартипти бузган жана мыйзамсыз аракеттерди кылган жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Андыктан Чүй облусунун ИИББы ата-энелерге жана баардык жашоочуларга кеңеш берет:

- Өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумуна болгон көзөмөлдү күчөтүү зарыл;

- Алдыдагы иш-чараларды белгилөөдөн, майрамдоодон кармануу маанилүү;

- Автотранспорт каражаттарын жашы жете элек балдарга берүүдөн алыс болуңуздар;

- Түнкүсүн жашы жете электерди ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөгө чыгарбоо зарыл.

Татип бузууларды жана кылмыштуулуктарды алдын алуу ар бириңиздердин колуңуздарда.

Пикир

Оставить комментарий