• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүй облустук милициясында кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Кечээ, 21-февраль күнү Чүй облустук ИИББнын жетекчилиги тарабынан ИИМдин коллегиясынын жыйынтыгы менен ички иштер органдарынын кызматкерлерине коюлган талаптарды өздүк курамга жеткирүү үчүн жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Облустук милициянын басма сөз кызматы блдиргендей, кеңешмеге Чүй облустук ИИББнын борбордук аппаратынын кызматтарынын жана райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Жыйында облустук милициянын жетекчилиги тарабынан ИИМдин коллегиясында көтөрүлгөн маселелер, ошондой эле кемчиликтердин үстүнөн иштөө боюнча тапшырмалар талкууланып, ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлерине коюлган талаптары жеткирилди. Андан сырткары, Чүй облусунун ички иштер органдарынын ыкчам кызматтык ишмердүүлүгү жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча маселелер талкууланды.

Жыйында Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары Каныбек Абдырахманов коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары Руфат Абдуразаков ШРИИБдердин жетекчилери өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча тынымсыз жумуштарды жүргүзүүсү керек экендигин белгиледи.

Жыйындын соңунда төмөндөгү тапшырмалар коюлду:

-Жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, жаралган маселелерди жеринде чечүү жана кылмыштуулукту алдын алдын алуу жумуштарын байма-бай жүргүзүү;
- Чүй облусунун аймагында катталган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетини ачуу үчүн тиешелүү ыкчам иш-чараларды жүргүзүү;
- Жарандар тарабынан түшкөн арыз-даттанууларды болтурбоо максатында сотко чейинки өндүрүш иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү;
- Уурулук кылмыштарынын алдын алуу жана болтурбоо үчүн байма-бай рейд иш-чараларын өткөрүү;
-Өздүк курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу иштерин иш-мерчемдердин негизинде жүргүзүү.

Пикир

Оставить комментарий