• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облустук милициясынын жетекчилиги ардагерлерди Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын имаратында Карылардын эл аралык күнү белгиленди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, адаттагыдай эле, ички иштер органдарынын ардагерлери үчүн майрамдык сый тамак уюштурулду.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги ардагерлерди майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап кетишти. Ошондой эле улуу муундун сиңирген эмгегин белгилешти.

Ардагерлерге ведомстволук жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, ушундай эле иш-чаралар Чүй облусунун РИИБдеринде өттү.

Пикир

Оставить комментарий