• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облустук ооруканасы үч бөлүмүн 10 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Чүй облустук бириктирилген ооруканасы 3 кабаттуу имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, 10 млн сом сарптоо пландалууда. Конкурска катышуу үчүн билдирүүлөрдү 13 –августка чейин жиберүү керек.

Аталган имаратта үч бөлүм бар - урология, балдар бөлүмү, неврология. Ал Бишкек шаарынын Саратов көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий