• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу пландалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Чүй облустук бириккен ооруканасына аталган бейтапкананын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу пландалууда.

Агенттикке Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова билдиргендей, мындай демилгени күн мурун министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук ооруканасына барган учурда айткан.

Мамытова бул тууралуу азырынча тиешелүү документ келе электигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий