• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облустук соту биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакированын катышуусунда Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун биринчи жарым жылдыктагы ишмердүүлүгү боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге төрайымдын орун басарлары Качыке Эсенканов, Нургүл Асанова, Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматов, Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова, ошондой эле Чүй облустук сотунун судьялары, шаардык, райондук соттордун төрагалары жана судьялары онлайн катышты.

Нургүл Бакирова мурда салтка айланып калган статистикалык отчет берүү эмес, көйгөй жараткан маселелер, жетишкендиктер, кемчиликтер, сот практикасындагы талаш-тартыштар, сот адилеттигин жүргүзүү боюнча судьялардын жогорку жана төмөнкү көрсөткүчтөрү, жарандардын талаштарды сотко чейин чечүүсүнө болгон салымдары, эл менен жолугушуу жана талаш-тартыштардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана башка иш-чаралар боюнча маалыматтарды берүүсүн талап кылды.

Чүй облусундагы жергиликтүү соттор тарабынан 2020-жылы каралган иштер боюнча Чүй облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Улан Садырбеков, жарандык иштер боюнча төраганын орун басарынын милдетин аткаруучу Адилет Эркебаев, административдик иштер боюнча төраганын орун басары Жыргал Мурзалиева маалымат беришти.

Чүй облусунун райондук соттору тарабынан 2021-жылдын жарым жылында 9 353 иш каралып, 2020-жылга салыштырмалуу 2 191 ишке көп каралганын айтылды. Алардын ичинен 2021-жылдын жарым жылдыгында Чүй облустук сотуна 629 иш каралган. Бул көрсөткүч 7 пайызды түзөт.

Ал эми Чүй облустук сотунун жазык иштер боюнча соттук коллегиясы 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында 141 жазык иши каралган. (2020-жылы 133 иш), былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйылкы жылы 8 ишке көбүрөөк каралгандыгын Улан Садырбеков билдирди.

Аталган облустук соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында 358 жарандык иш каралган. ( 2020-жыл 413 иш) былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйылкы жылы 55 ишке азыраак каралгандыгы байкалууда деп билдирди Адилет Эркебаев.

Ошондой эле административдик иштерге токтоло кетсек, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында 130 административдик иш каралган болсо ( 2020-жылы 109 иш каралган) былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйылкы жылы 21 ишке көбүрөөк каралгандыгы байкалууда деп билдирди Жыргал Мурзалиева.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова райондук соттордун төрагаларына сөз берип, алардын биринчи жарым жыл ичиндеги көрсөткүчтөрүнө, каралган иштерине көңүл бурду.

Кеңешменин соңунда Бакирова жергиликтүү соттордун иштерди кароо сапатын жогорку дээңгелге көтөрүүну, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып баруусуна чакырды.

Мындан тышкары, иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрдү бекем сактоону, соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий