• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облустук сотуна судьяларды дайындоо жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 05.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Чүй облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоого 8 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

2018-жылдын 26-январында Мамлекет башчысы талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президенти Чүй облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна 6 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы жогоруда аталган соттун судьялыгына 2 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына талапкерлер жана Чүй облусунун сотунун иштеп жаткан айрым судьялары боюнча Жарлыктарга кол койду.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу менен ыйгарым укуктарын аткаруу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2018-жылдын 23-январынан тартып Чүй облустук сотунун 11 судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Экинчи Жарлык менен 6 талапкер - Джумагулов Азамат Кадырбекович, Джунушпаев Кыдык Карыбаевич, Кадырова Гульназ Кубанычбековна, Онолбеков Дамирбек Мадылбекович, Садырбеков Улан Маданбекович, Чекирова Асель Мелисовна КР Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды.

Үчүнчү Жарлык менен дайындалган судьялар Чүй облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий