• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облустук театры америкалык драматург Эдвард Олбинин «Зоопарктагы окуя» спектаклин коет

Маданият 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры 14-июнда америкалык драматург Эдвард Олбинин пьесасы боюнча «Зоопарктагы окуя» спектаклин коёт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Спектаклди Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Оросбек Айдаров коет. Драманы кыргыз тилине Абибилла Пазылов которгон. Башкы ролдордо КРнын эмгек сиңирген артисти Таалай Касымалиев, артист Нурбек Кыязов ойнойт.

Спектакль Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр тетарында саат 19:00дө башталат.

Чыгарма азыркы Америка коомунун түрдүү катмарларынын өкүлдөрү болгон бири-бирин тааныбаган эки адамдын диалогу менен жалгыздык көйгөйлөрүн көтөрөт.

Пикир

Оставить комментарий