• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусу боюнча бир аптада айнеги караңгылатылган 50 унаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Чүй облусу боюнча бир аптада айнеги караңгылатылган 50 унаа кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда "Тонировка" аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлгөн. Максаты - жол кырсыктарынын алдын алуу жана айнеги караңгылатылган унааларды аныктоо.

"Бир жумада айнеги караңгылатылган 50 унаа кармалган. Алардын ээлерине айыппулдар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, унаанын алдыңкы же каптал айнектерин караңгылатуу же парда тартып алуу мыйзамсыз болуп эсептелет. Аны текшерүү милдеттери 21-февралдан тарта ички иштер органдарына кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий