• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусу өнөр жай тармагы боюнча алдыда – Өнөр жай комитети

Коом 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Өнөр жай өндүрүшүнүн салыштырмалуу салмагы боюнча Чүй облусу алдыда. Ал жалпы көлөмдүн 45 пайызын түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Ысык-Көлдө өнөр жай өндүрүшү (Кумтөрдүн эсебинен) 20%ды түзөт, Бишкек – 15%, Жалал-Абад – 10% (электр энергиясын өндүрүү), Баткен жана Ош облустары- 2%дан жана Нарын менен Талас облустарында ар биринде 1,0%дан.

“Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүүсү аймактар боюнча жакшы динамика көрсөтүүдө. Бир гана Ысык-Көл облусунда 4,5%га төмөндөгөн. Ал Кумтөрдө кыртышты ачуу иштерин жүргүзүп, алтын казуу иштери төмөндөгөндүгүнө байланыштуу”, - деп билдирди Сагынбеков.

Пикир

Оставить комментарий