• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Чүй облусунан жоголгон үч бала Өзгөн районунан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 7-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Чүй облусуна караштуу Панфилов районунда жоголгон балдар Өзгөн районунан табылды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, балдардын ата-энелери учурда өлкөнүн түштүк аймагына жөнөп кетишти.

Өзгөндө жоголгон балдардын туугандары жашаары аныкталган. Азырынча алар кимдикинде экени такталып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча аларды эч ким уурдаган эмес. Жоголгон үч бала тең ата-энелери менен жашайт. Бирок, алар Өзгөнгө кантип барып калгандары такталууда.

Эскертек кетсек, 5-июнда кечке маал Панфилов районунан үч бала үйүнөн чыккан бойдон кайра кайрылып келген эмес. Алардын аты жөнү: Дүйшөнбеков Рамазан Исаевич, 2005-жылы туулган; Дүйшөнбекова Тахмина Исаевна, 2008-жылы туулган; Сыдыкова Айгерим Исаевна, 2007-жылы туулган.

Пикир

Оставить комментарий