• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда 142 миң погондук метр унаа жолдору залалсыздандырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Чүй облусунда коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-майда ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 142 000 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланып, 258 кг хлор сарпталса, иш-чарага 5 техника жана 19 кызматкер тартылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп топтоло турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий