• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда 17,6 тонна кара куурай өрттөлдү

Коом 0

Бишкек, 22.07.19. /Кабар/. Чүй облусунда 17,6 тонна кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 15-19-июль күндөрү Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери айыл өкмөттөрү, жергиликтүү тургундар менен биргеликте жапайы кара куурайды жоготуу боюнча иш-чара өткөрүшкөн.

Иш-чаранын алкагында алар жапайы кара куурай өскөн жерлерди кыдырышкан. Бул иштин жыйынтыгында 13,6 гектар жерде өскөн жапайы кара куурай жок кылынган.

"Жапайы кара куурайды чаап алып, 17,6 тонна кара куурай өрттөлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий