• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй облусунда 18 жаштагы кыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Чүй облусунда 18 жаштагы кыз дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук ИИБси тарабынан дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Кристина Рамадина изделүүдө. Ал Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарындагы Вишневая көчөсүндө жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160 см, көзү боз, орточо дене түзүлүштөгү, чачы кыска.

Кийими: көк түстөгү футболка жана шым, бутунда кроссовки болгон.

“Кристинанын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 43-01-27, 0(312) 60-75-67, 0708(73-11-73) же 102 кызматына”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий