• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусунда 2 бала жоголду

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунун ИИБ тарабынан дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Куттубек уулу Ислам жана 2006-жылы туулган Мырзабаев Байболот изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ ичик иштер органдарына Москва районунун Беловодск айылынын тургуну уулу Куттубекти жана жээни Байболотту табууга жардам сураган арыз менен кайрылган.

Маалымат боюнча, 2017-жылдын 2-апрелинде 23:00 чамасында балдар үйүнөн чыгып кетишип, ошол бойдон кайра келишкен эмес.

Белгилери:

Куттубек уулу Ислам – бою 150-155 см., кара тору, арыкчырай, көздөрү кара, чачы кыска кара. Кара түстөгү спорттук шым, көк куртка, күрөң түстөгү кроссовка, кара свитер, кара кыска пальто, кепка, кара галош.

Мырзабаев Байболот– бою 135-140 см, кара тору, арыкчырай, чачы кара кыска, көздөрү кара.

Кийими: көк спорттук шым, боз куртка, кара шапка, спорттук кроссовка.

Дайынсыз жоголгон балдар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендерди Чүй облусунун Москва райондук ИИБне билдирүүнү же төмөнкү телефондорго чалууну суранабыз.

Чүй облустук ИИББ дежурдук бөлүгү: 0321 43-01-27

Москва РИИБ дежурдук бөлүгүнө: 0312 60-77-27, ошондой эле 0550 22-17-17 0 555 14-71-71
0701 15-85-81 0704 69-77-77 телефондоруна чалсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий