• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусунда 2010-жылдагы апрель революциясынын курмандыктары эскерилди

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Чүй облусунун бардык райондорунда 5-6-апрелде 2010-жылы апрель окуясында каза болгондорду эскерүүгө арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу облустук администрация өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, Апрель революциясынын 7 жылдыгынын алдында Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов бүгүн каза болгон 41 баатырдын жакындарын эскерүү иш-чарасына чакырды. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 5миң сомдон материалдык жардам берилди.

Облустук администрациядан билдиргендей, апрель окуясында каза болгон 88 адамдын 41и Чүй облусунун жашоочусу болгон. Б.Кудайбергенов өлкөнү алдыга жылдруунун башкы артыкчылыгы – бул тынчтыкты сактоо деди.

“2010-жылдагы трагедиялуу Апрель революциясынан бери 7 жыл өттү. Убакыттын учкан куштай тез өтүп жатканына карабай биз кандай кыйынчылыктарды басып өткөнүбүздү унутпашыбыз керек”,-деди Б.Кудайбергенов.

Мындай иш-чаралар күтүлүп жаткандай өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий