• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда 3 күн ичинде 12 мас айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Чүй облусунда 3 күн ичинде 12 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык 12-14-июнь күндөрү Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан облус аймагында рейддик иш-чаралар болуп өткөн.

“Иш-чара Чүй облусунун аймагындагы мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдордо жол эрежесин бузуу учурлары көп боло баштагандыктан жол кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө 3 күн ичинде инспекторлор тарабынан жол эрежесин бузуу боюнча 1 миң 149 протокол түзүлгөн. Жол эрежесин бузгандардын ичинде 12 айдоочу мас болгон, 13 айдоочунун документтери жанында болгон эмес жана 34 унаа айып аянтчасына коюлган.

Пикир

Оставить комментарий