• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда 3 жаш жигит мал уурдоого шектелип кармалды

Коом 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда 3 жаш жигит мал уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва райондук милициясына (Чүй облусу) 3 жаран кайрылып, белгисиз бирөөлөр малын уурдап кеткенин билдиришкен.

Ал факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Бул ишке шектүү катары 20 жаштагы Т.К., 17 жаштагы К.А. жана 16 жаштагы Ч.Б. аттуу жарандар кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалгандардын башка мал уурдоо иштерине тиешеси бар же жок экендиги такталууда.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий