• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунда 4 килограммга жакын кара куурайды сактаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Укук коргоо органдары тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 25-жаштагы К.Ж. аттуу жараны кармалган. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун расмий сайтында жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, ал 2015-жылдын 27-августунда саат таңкы 5:45тер чамасында Новопокровка айылынын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жанынан 4 кг жакын кургатылган кара куурай менен кармалган.

Жүргүзүлгөн экспертизалык текшерүүлөрдүн натыйжасында, жарандан табылган баңгизат - кара куурай экендиги тастыкталган.

Соттолуучу өзүнүн сөзүндө кара куурайды колониянын аймагына ыргытууну каалабагандыгын жана аны өзү үчүн даярдагандыгын билдирген.

Экспертиза жарандын баңгизатына көз каранды экендигин аныктаган.

Биринчи инстанциядагы сот жарандын мурда соттолгондугун эске алуу менен анын мүлкүн конфискациялоо жана 14 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий