• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда 420 миң чарчы метр аянт залалсыздандырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан дезинфекциялоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-июнда ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 420 миң чарчы метр имараттардын сырты, 800 чарчы метр имараттардын ичи жана 63 миң 400 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланып, 425 кг хлор сарпталган.

Дезинфекциялоо иштерине 8 техника жана 27 кызматкер тартылган.

Пикир

Оставить комментарий