• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда 569 адам үй шартында дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, коронавирус жуктуруп, бирок оорунун белгилери байкалбаган жарандар үй шартында дарыланууга болот. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Гүлнура Мамбетисаева брифингде билдирди.

Анын айтымында, 3-июлга карата облус аймагында 569 адам үй шартында дарыланууда.

“Үй карантинде болгон жарандарга байкоо жүргүзүү үчүн уюлдук телефондоруна атайын тиркеме жүктөлгөн. Ошондой эле медкызматкерлер арасында коронавирус жуктургандардын санын азайтуу максатында окуулар өткөрүлүүдө. Чүйдө коронавирус жуктурган медкызматкерлердин саны 129га жетти”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 6767ге жетти. Алардын ичинен 994ү медицина кызматкери. Илдеттен 2655 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 76 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий