• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда 63 миң адам пилоттук кайра каттоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелге чейин Токмок шаарында жана Чүй районунда калкты кайра каттоо пилоттук долбоору ишке кирип, 63 миң адам кайра каттоодон өттү.

Бул пилоттук кампания 2020-жылы Кыргызстан боюнча өтө турчу калкты жана турак-жайды каттоого көрүлгөн даярдык.

Токмокто жана Чүй районунда жалпысынан 13 каттоочу бөлүм түзүлүп, 362 кызматкер тартылган. Анын ичинен 13 координатор, 33 инструктор-көзөмөлдөөчү жана 294тү каттагыч. Андан тышкары 277 атайын каттоочу тилкелер түзүлгөн.

31-мартка карата каттагычтар 18 миң 945 турак-жайды кыдырып, 63 миң 596 адам катталган. Токмок менен Чүй районунун жалпы санынын 56% каттоодон өткөн.

Пикир

Оставить комментарий