• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй облусунда 700дөн ашуун милиционер эс алуучулардын коопсуздугун камсыздайт

Коом 0


Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Кыргызстанга эс алууга келген коноктордун жана өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыздоо максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын 700дөн ашуун кызматкерлери иш алып барат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы биплдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Чүй облусу боюнча 35ден ашуун эс алуу жайлар конокторду кабыл алууда.

“Жер-жерлерде, ошондой эле эс алуучу аймактарда коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жети милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу иштерин жүргүзүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоо - Чүй облустук милициясынын эң негизги милдети.

Пикир

Оставить комментарий