• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда адам уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Чүй облусунда адам уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 37 жаштагы Н.Б. денесинде көптөгөн жаракаттар менен Бишкек шаарынын ооруканасына түшкөндүгү жөнүндө билдирилген.

Милициядан белгилешкендей, аталган факты райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынган. Бул факты боюнча Н.Б. сурак алууга мүмкүн болгон жок. Кийин ал өзүнө келгенде Сокулук РИИБге арыз менен кайрылып, керектүү экспертизалар дайындалган. Аймактык караштуулугу боюнча иш материалдары Москва районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилген, ал жерде КР Кылмыш-жаза кодексинин 165 (Адам уурдоо) беренесинин неигизинде сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Н.Б. 2022-жылдын 21-мартында белгисиз адамдар тарабынан Чүй облусунун Москва районундагы айылдардын биринен автоунаа менен Сокулук районуна жеткирилип, ал жерден күч колдонуп кармалып, денесине көптөгөн жаракаттар келтирилген. Туугандары көпкө чейин байланыша албай, кийинчерээк ошол эле күнү ал өзү туугандары менен байланышып, денесинен жаракат алганын кабарлап, туугандары тарабынан Бишкектеги ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ошондой эле белгисиз адамдар "ВАЗ-21099" үлгүсүндөгү унааны ээлеп алып, кетип калганы белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Чүй ОИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышты жасоого шектелип, 30 жаштагы Т.Ф. жана 25 жаштагы А.Д. кармалган жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий