• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чүй облусунда аялын өлтүргөндүгү үчүн 14 жыл издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Оор кылмыш кылгандыгы үчүн 14 жыл издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын аймагында адам өлтүрүүгө шектүү Жалал-Абад облусунун жашоочусу 1959-жылы туулган “Э.Р.” аттуу жаран кармалган. Кылмыш 2003-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун аймагындагы бийик тоолуу аймакта болгон. Болжолдуу маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү мас абалында жаңжал учурунда аялын бычактан жарадар кылган, натыйжада алган жараатынан улам ал ооруканага жетпей каза болгон. Ошондон кийин жаран “Э.Р.” укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 2003-жылы ноябрдын башында ага издөө жарыяланган. Айрым маалыматтарга караганда кылмышка шектүү коңшу өлкөнүн аймагында жашырынып жүргөн. Азыркы учурда кармалган жаран Аксы районунун Ички иштер органынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий