• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда айдоочу 72 жаштагы аялды өлтүрө койдуруп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Чүй облусунун Лебединовка айылында айдоочу 72 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине окуянын күбөлөрү билдиришти.

Чүй облустук автоинспекция кызматынан кырсык болгондугун тастыкташты. Маалыматка ылайык, окуя күн мурун болгон.

«Тойота приус» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй бара жатып, аялды сүзүп кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

«Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен эмес. Жерине автоинспекция кызматкерлери келишкен, чогултулган материалдар Аламүдүн райондук ИИБне өткөрүлүп берилген», - деп айтылат маалыматта.

Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу 50 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болуп чыккан. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий