• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда аткезчилик жол менен алынып келген 65 миң куту тамеки кармалды

Коом 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Чүй облусунда аткезчилик жол менен алынып келген 65 миң куту тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бажы кызматынан билдиришкендей, Чүй облусунда Кыргызстандын М.А. аттуу жараны башкарып бара жаткан "Hyundai Porter" унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүү маалында унаадан акциздик маркасы жок 65 миң куту же 1 млн 300 миң даана тамеки табылган. Айдоочуда товардын тиешелүү документтери болгон эмес.

Тамекинин баасы 2 млн 762 миң 500 сом деп эсептелген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейин иш башталган.

Пикир

Оставить комментарий