• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда бензовоз менен Мерседес кагышып, 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Чүй облусунда бензовоз менен Мерседес үлгүсүндөгү унаа кагышып, натыйжада 2 адам каза болуп, дагы 2 адам жабыркады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн саат 13:45 те Ысык-Ата районунун чек арасындагы Бишкек-Торугарт жолунда болгон.

“Бензовоз Бишкектен Токмок шаарын көздөй бара жаткан. Мерседес ага карама-каршы багытта келе жатып, каршы тилкеге чыга калган. Бензовоз кагышуудан качууга аракет кылганы менен оңунан чыккан эмес. Жыйынтыгында Мерседестин айдоочусу жана бир жүргүнчү каза болуп, 2 адам жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Бардык жабырлануучулар болжол менен бирдей куракта – 25-30 жаштарда. Учурда бензовоздун айдоочусу катуу корккон абалда ”,-деди билдирди Патрулдук милиция башкармалыгынан.

Чүй облустук ПМБнын маалыматы боюнча, жабырлануучулардын өздүгү такталып, кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий