• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусунда билим берүү комплекси мамлекеттин балансына өткөрүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын балансына спонсорлор тарабынан курулган билим берүү комплекси мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

2020-жылдын 31-октябрында Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Токбай айылында комплексти Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүү боюнча иш-чара болуп өттү.

Белгилесек, 2018-жылы «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду Кувейт мамлекетинин спонсорлорунун эсебинен Токбай айылында билим берүү комплексин салган. Алгач бул жерде жетим балдар окутулаары каралган. Бирок 2 жыл аралыгында ар-кыл бюрократиялык себептерден улам комплексти мамлекетке өткөрүп берүүгө мүмкүн болгон эмес.

Мындан бир канча күн мурда «Ас-Салам» фондунун директору Нурмухамед Миңбаев Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровго аталган маселе менен кайрылып, ал аркылуу маселе ыкчам чечилген.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Дастан Дюшекеев Садыр Жапаровдун атынан Нурмухамед Миңбаевге ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде «Ас-Салам» фондунун директору Нурмухамед Миңбаев маалымдагандай, курулушка – 2 млн АКШ доллары, анын ичинде уникалдуу жабдууга 400 миң АКШ доллары тартылган. Комплекстин курамына 250 орундук жатакана, фельдшердик-акушердик пункт, жабдылган тигүү жана эмерек цехтери менен окуу комплекси, компьютердик класс, китепкана жана от казандар кирет. Кызыл-Туу айыл өкмөтү тарабынан аянты 1 га саналган жер тилкеси бөлүнгөн.

Жакынкы мезгилде аталган комплекс кесиптик-техникалык билим берүү мекемеси катарында пайдаланылаары болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий