• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда бир аял күйүк алып каза болду. Шектүү катары анын күйөөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Чүй облусунда 42 жаштагы аял күйүк алып каза болуп, анын өлүмүнө күйөөсү шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 12-февраль күнү Сокулук райондук милициясына Сокулук районунун аймактык ооруканасынан, алардын жандандыруу бөлүмүнө күйүк алган аял жеткирилгени, бир күндөн кийин алган жаракаттарынан улам каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Билдирүү түшкөндөн кийин ооруканага милиция кызматкерлери барышкан.

"Аялдын ким экендиги аныкталган – ал Сокулук районунун 42 жаштагы М.О. аттуу тургуну болгон", - деп билдиришти милициядан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милициядан билдиришкендей, бул ишке шектүү катары каза болгон аялдын 46 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү кармалган. Ал Кылмыш кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча шектелүүдө. Учурда ал убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

"Алдын ала маалымат боюнча, окуя болгон күнү шектелүүчү (күйөөсү) үйүнө мас болуп келип, аялына тамак жасап берүүсүн айткан. Аялы тамакты электр мешке жасап жаткандыктан күйөөсү тамакты тезирээк бышыруусун айта баштаган. Ачуусу келип, ага желим идиштеги бензинди чачып жиберген. Андан кийин бышып жаткан тамакты газга жасоосун айткан. Газды күйгүзгөндө аялына өрт өтүп, жыйынтыгында ал күйүк алган. Андан кийин ал ооруканага жеткирилип, бир күн өтүп ооруканада каза болгон", - деп билдиришти милициядан.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий