• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Чүй облусунда бир жума ичинде 56 автоунаа айып аянтчасына киргизилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Чүй облусунда бир жума ичинде 56 автоунаа айып аянтчасына киргизилген. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июндан 22-июнга чейинки аралыкта инспекторлор тарабынан 2 миң 683 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Анын ичинен:

- Мас абалында унаа башкаруу – 22;

- Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 7;

- Ылдамдыкты ашыруу – 1018;

-Документтери жок унаа башкаруу – 24. Жалпысынан 56 автоунаа айып аянтчасына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий