• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунда бир жумада 4,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Чүй облусунда бир жумада 4,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Чүй областынын ЖКККБ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15нен 21-октябрь күндөрү аралыгында Чүй облусунун аймагында 4 миң 549 жол эрежесин бузуу аныкталган.

Алардын ичинен:

  • 26 айдоочу унааны мас абалында башкарган;
  • 7 айдоочу унаасын караңгылатылган терезе менен айдап жүргөн;
  • 47 айдоочу унааны документтери жок башкарып жүргөн;
  • 899 айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта айдаган;
  • 102 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий