• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда бир жумада 4 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 29-октябрдан 5-ноябрга чейин 4 миң 139 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Чүй облустук автоинспекциядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 975 айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта башкарган.

Мас абалында унаа башкаруу - 35, терезелери караңгылатылган унаа башкаруу - 5, тиешелүү документтери жок - 5 айдоочу аныкталган.

104 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий