• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусунда бир жумада 5370 жол эрежесин бузуу катталган

Коом 0

Бишкек, 20.08.18. /Кабар/. 13нөн 19-август күндөрү Чүй облусунун аймагында автоинспекция кызматкерлери тарабынан 5370 жол эрежесин бузуу катталган.

Алардын ичинен 49 айдоочу унааны мас абалында башкарса, дагы 47си документи жок автоунаа айдашкан.

- Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 11,

-Автоинспекторлорго токтоткондо баш ийбеген 6 учур катталган,

-Коопсуздук курун тагынбастан унаа башкаруу – 1393,

-Жогорку ылдамдыкта айдоо – 1583,

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 119 унаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий