• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда бир жумада мас абалында унаа башкарган 100дөн ашуун айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Чүй облусунда бир жумада мас абалында унаа башкарган 100дөн ашуун айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3нөн 13-мартка чейинки аралыкта Чүй облусунун аймагында 4 миң 322 жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

Анын ичинен:

- 109 айдоочу мас абалында унаа башкарган;

- 1 миң 811 айдоочу жогорку ылдамдыкта автоунаа башкарган;

- ар кандай жол эрежесин бузган 173 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий