• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүй облусунда бир жумада мас абалында унаа башкарган 53 айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта Чүй облусунун аймагында 3 миң 647 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен:

- 53 айдоочу мас абалында унаа башкарган;

- 1 миң 846 айдоочу жогорку ылдамдыкта автоунаа башкарган;

- ар кандай жол эрежесин бузган 117 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий