• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда бир жуманын ичинде 20 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Чүй облусунда бир жуманын ичинде 20 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июндан 7-июнга чейинки аралыкта инспекторлор тарабынан 2 миң 484 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Анын ичинен:

- Мас абалында унаа башкаруу – 20;

- Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 6;

- Ылдамдыкты ашыруу – 895;

-Документтери жок унаа башкаруу – 23. Жалпысынан 48 автоунаа айып аянтчасына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий