• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда үч айдын ичинде кылмыштуу топтун 8 мүчөсү кармалды – милиция

Коом 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Чүй облусунда үч айдын ичинде Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) 8 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биринде "Винчестер" маркасындагы курал табылган. Ошондой эле кылмыштарды алдын алуу максатында УКТдын лидерлери жана мүчөлөрү менен милиция тарабынан дайыма иш жүргүзүлүп турат.

Кечээ ведомстводо ыкчам ишмердүүлүгүнүн үч айлык жыйынтыгын чыгарган.

Аталган убакыттын ичинде милиция тарабынан коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо максатында бир нече чаралар көрүлгөн.

Артыкчылыктуу мамиле кылмыштардын алдын алуу, бетин ачуу жана иликтөөгө, тартипти жана мыйзамды сактоону күчөтүү жана экстремизмге каршы комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүгө жасалган.

Чүй облустук милициянын кызматкерлери өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында рейддик иш-чараларды жүргүзүп турат.

Пикир

Оставить комментарий