• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй облусунда үч жаш жигит каракчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Чүй облусунда үч жаш жигит каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июль күнү Москва райондук милиция кызматына 27 жаштагы С.У., аттуу жаран кайрылып, 26-июль күнү болжол менен саат 00:25те 20-25 жаштагы белгисиз балдар аны себепсиз уруп, телефонун тартып алганын билдирген.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 201-берене ("Каракчылык") боюнча каттоого алынган.

Кийинчерээк бул ишке шектүү катары 19 жаштагы А.Х., 20 жаштагы Ж.М., жана 22 жаштагы А.Р., аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки иштер аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий