• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда COVD-19га каршы вакцина сактоочу эки кампа оңдоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Чүй облусунун Москва жана Кемин райондорунун санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүнүн COVD-19га каршы вакциналарды сактоочу кампаларында оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Оңдоо иштеринин алкагында терезе, эшик, пол жабуу жана электр тармактарын алмаштыруу менен имараттын ичинде оңдоп жасоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле вентиляциялык соргучтар, суу жылыткычтар жана раковиналар орнотулуп, канализация түтүктөрү тазаланды.

Оңдоо иштери Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVD-19га ыкча чара көрүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында өлкө боюнча дагы вакцина сактоочу 3 кампаны оңдоо жана 8 кампа куруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, долбоордун эсебинен Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине 50 тоңдургуч жана вакциналарды сактоо үчүн 50 термоконтейнер сатып алынды.

Пикир

Оставить комментарий