• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 80 жаштагы Вера Зайцева изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 80 жаштагы кемпир изделүүдө. Бул тууралуу облусттук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук Ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 80 жаштагы Зайцева Вера Ильиничнаны издеп жатат. Ал Сокулук районундагы Шопоков шаарынын Геология көчөсүндө жашап келген.

Зайцева 10-августта үйдөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Учурда анын кайсы жерде экендиги белгисиз.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, арык чырай, чачы агарган жана узун. Кийген кийимдери: саргыч боз түстөгү көйнөк, бутунда көк түстөгү жайкы бут кийим.

Милиция жоголгон Зайцева Вера Ильиничнаны көрүп-билгендер болсо 0(312) 60-75-67, 0-3134 5-33-80, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 номерине чалып коюуну суранат.

Пикир

Оставить комментарий